Бүгүн 29-сентябрда Жалпы билим берүү дициплинасынын окутуучусу Молдакунова Айдана Арыковна Кия-01 тайпасы менен биргеликте Кыргыз тили мамлекеттик тил болуп кабыл алынышынын 33 жылдыгына карата уюштурулган бир айлыктын алкагында «Кыргыз тили-кош канаты кыргыздын»-деген темадагы ачык тарбиялык саатын өттү. Окутуучу тарбиялык саатта окутуунун бир канча методикалык ыкмаларын колдонуу менен студенттерге жеке эле тил маселеси эмес, кыргыздын уюткусу, уңгусу болгон каада-салт, үрп-адат, улуттук оюн, кийим, тамак-аш, күүлөрү жана ыр-бийи тууралуу кеңири маалымат берип, студенттер менен биргеликте көрсөтө да алышты. Ошону менен катар сабактын жүрүшүндө тилдин кечээки, бүгүнкү, эртенки абалы туурасында кызыктуу дискуссия жүргүзүлдү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *