Навигация по записям Кечээ, 6-апрелде, Каракол шаарындагы 11-гимназия мектебиндеги 9-класстын ата-энелери менен бирге өткөрүлгөн чоң жыйынга биздин Колледждин администрациясы атайын чакыруу менен барып кесипке багыт берүү ишин жүргүзүп келишти. Колледждин мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары тууралуу болгон директор Гуляим Изагалиевнанын баяндамасы ата энелер үчүн маалыматтуу болду. К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун Колледжинин окутуучусу Д.Т. Мусуралиева өз демилгеси менен студенттер үчүн ачкан » Бухгалтердик эсептин негиздери» курсунун алкагында 1-курстун студенттери үчүн олимпиада өткөрдү. Студенттердин алган билимдеринин жыйынтыгы командалык диплом жана грамоталар менен бааланды.