2023-жылдын 14-ноябрында ЫМУнун «Толкун» маданий эстетикалык борборунда К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун Колледжинин 1-курстарын кабыл алуу аземи болуп өттү. Майрамдык иш чарада ЫМУнун ректору А.А.Иманбаев, мамлекеттик тил жана жаштар саясаты боюнча проректор Б.И.Атыгаев, Колледждин директору Г.И.Абыласынова, тарбия иштери боюнча колледждин директорунун орун басары Н.А Сулайманова куттуктоо, каалоо тилек сөздөрүн айтышты. Кеченин жүрүшүндө бүтүрүүчү курстар 1-курстун студенттерине сынак китепче менен билим ачкычын тапшырып, жалаң гана жакшы деген бааларды алгыла деген каалоо-тилектерин билдиришти. Майрамдык иш-чара студенттер тарабынан даярдалган ыр, бий, кызыктуу оюн-зоок менен коштолуп, келген көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *