2024-жылдын 22-майында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжинде «Кыз адеби кымбат» деген темада 1-2- курстарга тарбиялык саат, кыздар совети өткөрүлдү. Колледждин тарбия иштер боюнча директордун орун басары Ж.А.Малгараева жана конокто Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк медициналык борборунун өспүрүмдөр-генекологу А.Т.Ибраева, И.Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжинин тарбия жана мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары Г.Б.Исалиева болду. Тарбиялык жолугушууда студенттерге керектүү маалыматтар берилип, кыздар
кызыккан суроолоруна адистен жооп алышты. Дени сак жашоо үчүн
көптөгөн кенештер берилип, ойлор айтылды,мындан ары да бул иш улантылмакчы,анткени замандын талабы.
«Улутунду сактайм десениз кызынды тарбияла, Тегинди сактайм десен уулунду тарбияла» — деп кыргыз эли уул-кызына туура багыт берип, ден соолугуна камкөрүшкөн. Андыктан кыздардын жүрүм-
турумуна, ден соолугуна кам көрүү менен келечегибизге ден соолугу чың инсандарды өстүрүп, чоңойто алабыз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *