2023-2024- окуу жылы жыйынтыкталып ЫМУнун Колледжинде «Узатуу кечеси» салтанаттуу иш-чарасы өттү. Иш-чарага колледждин жамааты, ата-энелер катышып, студенттер тарабынан даярдалган концерттик программага күбө болушту. Колледжиндин директору Г.И.Абыласынова быйылкы окуу жылынын ийгиликтүү аякташы менен куттукттоо сөзүн сүйлөп, мугалимдерге ыраазычылык билдирип, студенттерге кызыктуу жана пайдалуу эс алуу каалады. Ошондой эле быйылкы бүтүрүүчүлөргө «Ак жол» тилеп, келечекте өлкөбүздүн өнүгүшүнө кызмат кылган, билимдүү, акылдуу, чыгаан инсандардан болушуна тилектеш экендигин билдирди.
Сапарыңар байсалдуу болсун, урматтуу бүтүрүүчүлөр!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *