2024-жылдын 17-майында К.Тыныстанов атындагы ЫМУ нун Колледжинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары, окутуучу Малгараева Жайнагүл Адылбекова студенттер үчүн «Финансылык жактан пенсиялык сабаттуулук» боюнча интелектуалдык викторина оюнун өткөрдү. Иш чара келечектеги адистердин финансылык пландоо жөндөмүн өнүктүрүүдө маанилүү кадам болду. Интелектуалдык оюндун жүрүшүндө студенттер экономика илимдеринин кандидаты, доцент,КР Улуттук банкынын сертификаттуу тренери Башкарат Молдогуловадан баалуу билимдерди алышты. Оюндун аягында студенттер лекторлорго ыраазычылык сөздөрүн айтып, жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча программанын кеңири контекстинде сунушталган билим берүү демилгелеринин маанилүүлүгүн баса белгилешти.Бул программалык демилге университеттин келечеги,коомду каржылык жактан жогорку деңгээлдеги квалификациялуу адистер менен камсыз кылуу стратегиясынын негизги звеносу болуп, жоопкерчиликтүү жарандарды жана ийкемдүү ишкерлерди даярдап чыгышына салымдарын кошту .

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *