Каракол шаарынын мэриясынын алдындагы «Жаштар Борборунун» ыктыярчылары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде экскурсияда болушту.
Аталган иш- чарага ЫМУнун колледжинин студенттери КИЯ-12 тайпасынан Стамбекова Кымбат жана КПОВ-24 тайпасынан Исакова Аселия барып келишти. Студенттер жана окуучулар
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгү менен таанышып, депутат Кыдыкбаев Жаныбек Султанович менен жолугушуп, кызыккан суроолорун берип, өз сунуштарын айтышты.
Андан соң Бурана мунарасына барышып анын тарыхы тууралуу кенен маалымат алышты. Экскурсия абдан пайдалуу , кызыктуу өттү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *