Ж.Баласагын атындагы КУУнун Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту тарабынан уюштурган. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган студенттер жана программчылардын арасында өткөрүлгөн мобилдик программалоо, веб-тиркеме жана графикалык дизайн багыттары боюнча 31.05.2024- 02.06.2024 аралыгында Республикалык чемпионат болуп өттү. Аталган Республикалык чемпионатка К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинин КПОВ-21 тайпасынын студентти Кадырбеков Нурэмир жана КПОВ-33 тайпасынын студентти Токтосунов Азимбек веб-тиркеме багыты боюнча жалпы 33 команда 250 катышуучунун ичинен алдыга оозуп чыгып 3-орунду ээлеп университетибиздин намыс коргоп келишти.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *