Бүгүн Касым Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжинде “Студенттер-коомдун активдүү өкүлдөрү” деген аталышта 1-2 курстун старосталарына жыйналыш болуп өттү. Жыйналышты Колледждин директору Гуляим Изагалиевна ачып берип,андан соң Дүйшөбеков Арген жетектеген робототехника курсун ийгиликтүү аяктаган балдарга сертификат тапшыруу аземи болду.Колледждин эң алдыңкы студенттеринин бири Кадырбеков Нурэмир,Исакова Аселия,Турдалиев Нурэл, Стамбекова Кымбат өзүлөрүнүн жетишкендиктери тууралуу көрсөтмөлүү маалымат беришти . Ошондой эле Абил Жылдызбеков келечек үчүн кайдыгер карабаган жаштар үчүн «Инсандык өнүгүү»клубу тууралуу кенен айтып берип,жаш муундарга инсандын руханий жактан тарбиялоо жана патриоттуулукка үндөө,азыркы санариптештирүү ааламдашуу доорунда уюлдук телефондорду туура пайдаланып электрондук китептерди окууга чакырды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *