К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинде «Коррупцияны алдын алуу иш чаралары» боюнча ата-энелер үчүн жыйыны болуп өттү. Жолугушуунун максаты Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы #137 Жарлыгынын негизинде жоболору менен тааныштыруу жана 2025-2030-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу менен жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы К.К.Ташиевдин өткөргөн чогулушунун тапшырмасынын негизинде өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө ата-энелерге коррупцияны алдын алуу жана ага бөгөт коюу иштери боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө видео кайрылуусу көрсөтүлдү. Жыйын суроо-жооп иретинде өткөрүлүп, ата- энелер бир нече суроолоруна жооп ала алышты. Кышкы сессиянын жыйынтыктары тууралуу кураторлор маалымат беришти. Ошондой эле ата-энелер менен иш алып баруу маанилүү экендигин баса белгиленди.