К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинде «Коррупцияны алдын алуу иш чаралары» боюнча студенттер үчүн жыйыны болуп өттү. Жолугушуунун максаты Колледжде окуган студенттерге Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы #137 Жарлыгынын негизинде жоболору менен тааныштыруу жана 2025-2030-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу менен жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы К.К.Ташиевдин өткөргөн чогулушунун тапшырмасынын негизинде өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик тил жана жаштар саясаты боюнча проректору Н.А.Сулайманова, колледждин директору Г.И.Абыласынова жана колледждин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Ж.А.Малгараева тарабынан коррупцияны алдын алуу жана ага бөгөт коюу иштери боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат беришти, бардык студенттерди таза окууга чакырды. Ошондой эле студенттер менен иш алып баруу маанилүү экендигин баса белгиледи