2025-жылдын 14-февралында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжинде Исхак Раззаковдун 115 жылдыгына арналган иш чара өткөрүлдү. Иш чарада даректүү маалыматтар, документалдуу видео, фото, эскерүүлөр колдонулуп, студенттерге жана окутуучуларга кеңири, кызыктуу маалыматтар берилди. Иш чараны колледждин окутуучулары К.Эшиева жана Б.А.Осмоналиевалар уюштурду.
Иш чарага ЫМУнун илим жана инновация боюнча проректору Н.Т.Ишенбекова катышып ыраазычылык билдирди.
