Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында 2021-2025- жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын бекитүү жөнүндө “ жарлыгынын жетекчиликке алып Ысык- Көл областынан чыккан акын- жазуучулардын чыгармаларын студенттердин арасында жайылтуу, коомдук ишмерлердин ишмердүүлүгүн таанытуу максатында К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун 1-2- курстарынын арасында “Эл аралык эне тил күнүнө” карата өткөрүлгөн “Билерман” аталышындагы факультеттер аралык акыл- таймашта колледждин “ Китепкөй” тобу 2- даражадагы Дипломун жана акчалай 4000 сом сыйлыкка ээ болдук. Жетектеп даярдаган окутуучулар Ордобаева Альбина жана Сагынбаева Айдана .
Ректор Аскар Асангазиевич
колледждин студенттеринин даярдыгын баса белгилөө менен, КП-21 тайпасынын студенти Алымбеков Ильгиздин автордук ырларын угуп, алгачкы китебин чыгарууга жардам берерин айтты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *