К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинде «Коррупцияны алдын алуу иш чаралары» боюнча Жалпы билим берүү ПЦКнын окутуучулары жана студенттерине ПЦК башчысы Ж.Т.Мейлиева жыйын өттү. Жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы К.К.Ташиевдин өткөргөн чогулушунун тапшырмасынын негизинде өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө окутуучуларга, студенттерге коррупцияны алдын алуу жана ага бөгөт коюу иштери боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө видео кайрылуусу көрсөтүлдү. Жыйын суроо-жооп иретинде өткөрүлүп, окутуучулар жана студенттер бир нече суроолоруна жооп ала алышты. Кышкы сессиянын жыйынтыктары, контракт тууралуу маалымат берилди. Жыйынга тарбия иштери боюнча директордун орун басары Ж.А.Малгараева,окутуучу Б.Р.Батырканова катышты. Ошондой эле окутуучулар жана студенттер менен иш алып баруу маанилүү экендиги баса белгиленди.