13.03.2025
Жалпы гуманитардык жана педагогикалык дисциплиналар ПЦКнын окутуучусу Исмаилова Н.А. «7-апрель Элдик революциясы» деген темада КП-11 тайпасына ачык куратордук саат өттү. Бул куратордук саатта студенттер 7-апрель Элдик революция тууралуу билимдерин бекемдеп, кырдаалдын келип чыгышы тууралуу ой бөлүшүп, пикир алмашышты. О.э. элди, жерди сүйүүгө, айкөлдүккө, ынтымактуулукка чакырып, тарбиялык мааниси зор болду. Суроо-жооп иретиндеги талкууга студенттер активдүүлүгүн көрсөтүштү. Ачык куратордук саатка колледждин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Малгараева Ж.А. сөз сүйлөп, революция жөнүндө кененирээк маалымат берип өттү. Сабак өз максатына жетти.
