К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинде «Коррупция:түрлөрү, формалары, статистикалык маалыматтар жана аны чечүү жолдору» деген темада жалпы гуманитардык жана педагогикалык дисциплиналар ПЦКнын окутуучулары жана ПЦК башчысы А.А.Мусаева педагогикалык адистигинин студенттерине жыйын өттү. Жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы К.К.Ташиевдин өткөргөн чогулушунун тапшырмасынын негизинде өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө окутуучуларга, студенттерге коррупцияны алдын алуу жана ага бөгөт коюу иштери боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө видео кайрылуусу көрсөтүлдү. Жыйын суроо-жооп иретинде өткөрүлүп, окутуучулар жана студенттер бир нече суроолоруна жооп ала алышты. Кышкы сессиянын жыйынтыктары, контракт тууралуу маалымат берилди. Жыйынга окутуучулар А.С.Токтосунова,Н.А.Исмаилова, Абдрай кызы Нурзада, Ж.Д.Догдурбекова катышып,өтүлүп жаткан тема тууралуу сөз сүйлөштү.Ошондой эле окутуучулар жана студенттер менен иш алып баруу маанилүү экендиги баса белгиленип, талкуу активдүү жүргүзүлдү.