6.11.2025-ж.К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжинин чет тилдери ПЦКсы жана Каракол шаардык Билим берүү борбору тарабынан уюштурулган 3- курстун студенттери үчүн практикага багытталган конференция болуп өттү. Колледж менен мектептин ортосунда байланышты бекемдөө, күчөтүү максатында уюштурулгандыктан Каракол шаарындагы ар бир мектептин чет тили сабагы боюнча бирикмелердин башчылары ,англис тили сабагын окуткан окутуучулар,ЫМУнун чет тили кафедрасынын окутуучулары,методист-тренер Бейшембаева Н.катышышты.Бул конференциянын жүрүшүндө практика учурунда кездешүүчү көйгөйлөр,аны чечүүнүн жолдору, билим берүү системасындагы 12 жылдык окутуу,республика боюнча окутулуп жаткан «Англис тили «окуу китеби,сабактын планын жана максатын түзүү, ,окутуунун заманбап ыкмалары жөнүндө ,ж.б.у.с. кеңири түшүнүк берилип, кызыктуу жана мазмундуу өтүлдү.Студенттер да активдүү катышып, кызыктырган суроолоруна жооп ала алышты.Катышуучулар»Эркин микрофон» платформасынын негизинде ой-пикирлерин,сунуштарын,жылуу каалоо — тилектерин айтышып,жагымдуу маанайда узашты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *