Бүгүн 7.10.25 ж. Табигый-математикалык жана техникалык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучусу Усенова Айнагул Касмакуновна КП-01 жана КПОВ-13 тайпалары менен биргеликте математика кечесин өткөрдү. Иш-чаранын максаты — студенттердин логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана математикага болгон кызыгуусун арттыруу болду. Кече маалында кызыктуу суроолор, математикалык оюндар жана жарыштар уюштурулуп, студенттер активдүү катышышты. Иш-чара жылуу маанайда өтүп, билим берүү менен эс алууну айкалыштырган пайдалуу убакыт болду. Айнагул Касмакуновна ишинизге чыгармачылык ийгилик!



