2025-жылдын 6-ноябрында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Колледжинде «Жалпы билим берүү жана педагогика ПЦК»сы тарабынан уюштурулган бүгүнкү күндүн актуалдуу темаларынын бири болгон «12 жылдык билим берүүдөгү мугалимдин орду» аттуу тегерек стол жогорку деӊээлде өткөрүлдү. Бул
иш-чарага « Нур-Сабат» билим берүү борборунун директору Н.Д.Шарапова, К.Тыныстанов атынданы ЫМУ нун квалификацияны жогорулатуу борборунун директору Ж.Б.Урумов, К.Тыныстанов атынданы ЫМУ нун карьера жана практика бөлүмүнүн жетекчиси М.И.Курманалиев жана Каракол шаарынын жалпы орто билим берүү мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери келип катышты.
Иш — чарада 12 жылдык билим берүү боюнча мазмуунду баяндамалар талкууланып, студенттер да кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.
12 жылдык билим берүү- бул заман талабына жооп берген билим берүү системасы экендини, колледж менен мектеп бири-бири менен тыгыз байланышта иш-алып барышы керектиги дагы бир нече фактылар менен далилденди. Тегерек стол жогорку деӊгээлде өтүп, катышуучулар активдүү катышышты. Соӊунда ар түрдүү сунуш-пикирлер айтылып, мугалимдин жаӊы доордогу ордун чыӊдоо боюнча келген коноктор өз ойлорун билдиришти.



