Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Жарлыгынын алкагында, 17-ноябрь – Студенттер күнүнө карата «Кыргыз жаштары – улуттук өнүгүүнүн жана дүйнөлүк бийиктикке жетүүнүн негизги күчү» аталышындагы студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Иш-чарага ЫМУнун профессордук-окутуучулар курамы, студенттери , ошондой эле Каракол шаарындагы билим берүү мекемелеринин студенттик активдери катышты.
Бул конференция жаштардын илимий потенциалын өнүктүрүүгө, билим жана чыгармачылыкка болгон кызыгуусун арттырууга зор мотивация берди. Жыйынтыгында активдүү студенттер Касым Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректорунун ыраазычылык баракчасы менен сыйланышты.
Жаштар — өлкөнүн келечеги!
Жаштар — улуттук дем жана дүйнөлүк бийиктикке жол салуучу негизги күч!

