11.11.2025-жылы чет тилдер ПЦКсынын окутуучусу Байтыкова Чынара КТ-11 тайпасына » What do you like doing?» деген темада ачык сабак отту.
Бул ачык сабак заманбап окутуу ыкмаларынын негизинде өткөрүлдү. Окутуучу Байтыкова Чынара
студенттердин мотивациясын жана кызыгуусун арттырууга өзгөчө көңүл бурду.
Сабак “Brainstorming” (ой жүгүртүү) ыкмасы менен башталып, “Бош убакыт деген эмне?” деген суроонун айланасында талкуу түзүлдү.
Негизги бөлүк: Теманы түшүндүрүүдө “like”, “love”, “enjoy”, “hate” сыяктуу этиштерден кийин Gerund (V-ing) колдонуу эрежеси так, мисалдар менен корсотуп берилди.
Практикалык иш: Студенттер «Find Someone Who…» аттуу коммуникативдик оюнун активдүү аткарышты, мында алар бири-биринен хоббилери тууралуу сурап, англис тилинде баарлашуу көндүмдөрүн бекемдешти. Ошондой эле, ар бир топ өзүнүн сүйүктүү иштерин чагылдырган “Hobby Presentation” жасашты.
Окутуучу окуу процессине инновациялык элементтерди ийгиликтүү киргизди. Студенттер берилген тапшырмаларды мыкты деңгээлде аткарышып, сабактын аягында ар бир студент өзүнүн хоббиси тууралуу грамматикалык жактан туура сүйлөмдөрдү колдонуп айтып бере алды. Сабак пландалган бардык максаттарга толук жетти жана студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түздү.


