2025-жылдын 10декабрь куну ЫМУнун колледжинин Социалдык-экономикалык дисциплиналар ПЦКасы “Адам укуктарынын жана эркиндиктеринин Эл аралык кунунө” карата студенттер менен семинар өткөрдү. Семинарга КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн Бердибаев Р.Ж. жана Шаршеева А. катышты. Студенттерге кириш бөлүгүндө адам укуктарынын келип чыгышы, кабыл алынышы, мамлекеттерде колдонулушу тууралуу кыскача маалымат менен окутуучу Ч.К.Сооронбаева тааныштырып өттү. Акыйкатчынын өкүлү өз сөзүндө адам укуктарынын бир нече критерийлери жана студенттердин окууга, эмгекке болгон укуктары жөнүндө толук түшүндүрмө берди. Айрым студенттер укук боюнча кызыккан суроолорун берип жооп алышты. Ар бир адамдын укугу жана эркиндиги ыйык жана кол тийгис экендигин дагы бир жолу айгинелеген семинар ийгиликтүү аяктады.






