
Мында кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун адистери студенттерге ВИЧ оорусу боюнча кеңири маалыматтарды беришти. Ошондой эле өлкөдөгү, аймактардагы бул илдет менен ооруган жарандардын стастистикаларын көрсөтүштү. Мындан сырткары оорунун жугуу жолдору, коргонуу, алдын алуу боюнча бир катар түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө суроо-жооптор уюштурулуп, студенттер кызыктырган суроолоруна жоопторду алышты.
Саамалык 1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата Каракол шаарынын СПИДге каршы күрөшүү жана анын алдын алуу борбору, окуу жай жетекчилиги тарабынан уюштурулду.
