25.12.2025-ж.К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжинин чет тилдери ПЦКсынын окутуучулары тарабынан уюштурулган 3- курстун студенттери үчүн «Первые шаги в профессиию:итоги,достижения и перспективы «деген аталыштагы практиканы жыйынтыктоочу конференция болуп өттү. Колледжден алган теориялык билимдерин мектепте практика менен айкалыштыруу максатында уюштурулгандыктан колледждин чет тили сабагын окуткан окутуучулар,методисттер жана 3 курстун студенттери активдүү катышышты.Бул конференциянын жүрүшүндө алдыңкы практиканттар отчёт-презентация түрүндө практика учурунда алган тажрыйбалары менен бөлүшүштү.Ошондой эле мектептеги билим берүүнүн 12 жылдык системасындагы кездешкен артыкчылыктар жана кыйынчылыктар тууралуу ой-пикирлерин ортого салышты.»Копилка педагогических идей» рубрикасында ар бир студент практика учурунда колдонгон көрсөтмө куралдарынын жана методикалык иштелмесинин көргөзмөсүндө жактап беришти. Методист окутуучулар алдыңкы практикант-студенттерге жылуу каалоо-тилектерин айтышып,грамоталарды тапшырышты.Соңунда англис тилинде ырлар ырдалып, интерактивдүү оюндар менен коштолду.Жалпысынан конференция кызыктуу жана мазмундуу болуп,өз максатына жетти.


