2026-жылдын 25-февралында социалдык-экономикалык дисциплиналар ПЦКсы тарабынан «Салык кодексиндеги өзгөрүүлөр» темасында конок лекциясы уюштурулду.
Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын кызматкерлери — Асангазиев Бакыт Шаршенбиевич жана Шорукова Гүлмайрам Бейшалиевна өтүштү.БД-31,32, БиЭ-31,32, КНН-11 тайпалар үчүн
Коноктор салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөр, алардын практикалык колдонулушу жана ишкердик субъекттер үчүн мааниси тууралуу кеңири маалымат беришти. Лекция студенттер үчүн пайдалуу болуп, суроо-жооп форматында жандуу талкуу менен жыйынтыкталды.






