2026-жылдын 26-февралында студенттердин пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу максатында Каракол шаардык Социалдык фонд башкармалыгынын адистери менен жолугушуу уюштурулду.
Жолугушууга Каракол шаардык Социалдык фонд башкармалыгынын башчысынын орун басары Карыбаев Бактыбек Токтосунович, Жекече эсепке алуу жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсепке алуу бөлүмүнүн башкы адиси Тилекматова Дарика Карсановна, ошондой эле Пенсия чектөө жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн бөлүм башчысы Абдымусаева Назгүль Эсентуровна чакырылып, студенттерге кеңири маалымат беришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө адистер пенсиялык системанын негиздери, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн мааниси, жекече эсеп ачуу жана аны көзөмөлдөө тартиби, ошондой эле келечектеги пенсиянын көлөмү эмнелерге байланыштуу болору тууралуу түшүндүрүштү. Студенттерге эмгек жолун расмий баштоонун, айлык акынын «ак» түрдө төлөнүшүнүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн үзгүлтүксүз чегерилишинин мааниси өзгөчө баса белгиленди.
Жолугушуу учурунда студенттер кызыккан суроолорун берип, адистерден так жана пайдалуу жоопторду алышты. Мындай маалыматтык иш-чаралар жаштардын каржылык жана социалдык жоопкерчилигин арттырууга, келечекке туура пландарды түзүүгө көмөк көрсөтөт.
Жолугушуу мазмундуу жана пайдалуу өтүп, студенттер үчүн маанилүү маалымат булагы болду.





