Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети нин филология факультетинин деканы, к.п.н., доцент Сегизбаева Назгуль Капаровна “Башталгыч класстарда окутуу” жана “Чет тили” адистиктеринин студенттерине «Роль свободного времени в жизни студента колледжа» аттуу темада мазмундуу жана кызыктуу конок лекция өттү.
Лекциянын жүрүшүндө студенттин жашоосундагы бош убакыттын орду, аны туура жана натыйжалуу пайдалануунун мааниси тууралуу кеңири баяндалды. Айрыкча эс алуунун адамдын психологиялык абалына, ден соолугуна жана окуудагы жетишкендиктерине тийгизген оң таасири белгиленди. Убакытты туура пландаштыруу, өзүн-өзү өнүктүрүү, китеп окуу, спорт менен машыгуу жана чыгармачылык иштерге катышуу аркылуу студент жеке жана кесиптик жактан өсө алары айтылды.
Лекция теориялык маалымат менен гана чектелбестен, интерактивдүү форматта өттү. Студенттер ар кандай оюндарга катышып, топтор менен иш алып барышып, кызыктуу тапшырмаларды аткарышты. Мындай ыкма жаштардын активдүүлүгүн арттырып, алардын ой жүгүртүүсүн, командалык иштөө жөндөмүн жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.
Жолугушуунун соңунда студенттер өз ойлорун ортого салышып, суроолорун берип, жандуу пикир алышуу болду. Конок лекция катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулап, бош убакытты туура пайдалануу — ийгиликтин негизги факторлорунун бири экенин дагы бир ирет далилдеди. Бүгүнкү лекция студенттерге жаны ойлорду жаратып, өз убактысын туура пландаштырууга түрткү берет деп ишенебиз.
Мындай пайдалуу жана мотивациялык жолугушуулар студенттердин билим деңгээлин жогорулатып гана тим болбостон, алардын ар тараптуу өнүгүшүнө да чоң салым кошот.




