Бүгүн 26.02.2026 21-февраль — Эл аралык эне тил күнүнө жана белгилүү тилчи-окумуштуулар Касым Тыныстанов менен Кусейин Карасаевдин 125 жылдыгына карата арналган интеллектуалдык акыл-таймаш болуп өттү.
Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин эне тилге болгон сүйүүсүн арттыруу, мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү, тил илимине салым кошкон улуу инсандардын эмгегин даңазалоо жана жаштардын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү болду. Таймаштын жүрүшүндө катышуучулар кыргыз тилинин тарыхы, орфографиясы, пунктуациясы, грамматикасы, адабияты, улуттук баалуулуктары жана белгилүү окумуштуулар Касым Тыныстанов, Кусейин Карасаевдин өмүр жолу боюнча суроолорго жооп беришип, логикалык тапшырмаларды аткарышты.
Конкурска кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутуучулары Ж.Т Мейлиева, Ч.Т Тойматова жана А.К Каныбекова жетекчилик кылып даярдаган “Кеменгер” командасы жигердүү катышып, өздөрүнүн терең билимин, тапкычтыгын жана мыкты даярдыгын көрсөтө алышты. Жыйынтыгында балдар ректордун ыраазычылык баракчасы жана 1000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Аталган интеллектуалдык акыл-таймашка колледждин 1–2-курстарынын студенттери активдүү катышып, өз ара билимин сынашып, эне тилге болгон урмат-сыйын даңазалашты. Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, студенттер үчүн чоң тажрыйба жана мотивация болду.




