К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун Колледжинде Кыргыз Республикасынын Туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата “Кылымдарга желбирей бер, эркиндиктин желеги” деген темада жумалык өткөрүлдү.  Жумалыктын ачылышында Колледждин окутуучусу Т. К. Эшиева бардык 2-курстун студенттери үчүн «Кыргыз туусунун тарыхы» деген темада көрсөтмөлүү лекция окуду. Лекцияда кыргыз туусунун байыртадан айтылып келинген даректүү маалыматтары берилип жана Совет мезгилинен баштап эгемендүү Кыргызстандын мамлекеттик тууларынын тарыхына кеңири токтолду, студенттер үчүн мамлекетти сүйүү, тууну урматтоо, сыйлоо жана патриоттуулук сезимин өстүрүүгө багытталган  кызыктуу маалыматтар берилди.

Андан соӊ Колледждин 1-курсунун студенттерине окутуучу Н. А. Сулайманова «Манас» эпосундагы туунун символдук мааниси» деген темада лекция окуп «туу», «асаба»  тууралуу кеңири  маалымат берди. Бул ачык лекцияга К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун проректору Б. И. Атыгаев катышып кызыктуу жана маалыматтуу баяндама болгондугун баса белгиледи.

Бул иш чараларга улай эле «Мамлекеттик желек — элибиздин баа жеткис байлыгы» деген темада окутуучулар А. Ордобаева, М. Бекенова, А. Молдакуновалар докладдарын окуп, «Манас» эпосундагы туунун ролу, уруулар арасындагы Туу, туудагы символикалык белгилерди  жана ошондой эле Кыргыз республикасынын туусунун келип чыгуу тарыхы жана бүгүнкү күндө канчалык маанилүү экени жөнүндө айтылды. Ошону менен бирге ар бир инсан, мамлекет үчүн патриоттук сезимге бай жана мамлекеттин сыймыктана турчу жаш муундардын катарын толуктаган мыктылардан болушубуз керек экенин студенттерге баса белгилеп өтүштү. Бардык топтордо доклад окулгандан сон студенттер менен суроо жооп кайтарым байланышы жана кызыктуу талкуулар болду.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *