Навигация по записям Бүгүн Колледждин студенттик кеңешинин кыздары «Ирада» балдар үйүнө барып балдарга жагымдуу маанай тартуулап бирге оюндарды ойноп келишти. Өз демилгелери менен колледжден чогултулган каражатка балдарга керектүү белектерин тартуулашты. Кечээ, 6-апрелде, Каракол шаарындагы 11-гимназия мектебиндеги 9-класстын ата-энелери менен бирге өткөрүлгөн чоң жыйынга биздин Колледждин администрациясы атайын чакыруу менен барып кесипке багыт берүү ишин жүргүзүп келишти. Колледждин мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары тууралуу болгон директор Гуляим Изагалиевнанын баяндамасы ата энелер үчүн маалыматтуу болду.