2025-жылдын март айында ОшМПУнун окутуучусу Паридахан Садирова Касым Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжине келип, студенттер үчүн көркөм өнөр жана технология дисциплиналары боюнча мастер-класс уюштурулду.Бүгүнкү технология жана кол өнөрчүлүк боюнча мастер класс абдан пайдалуу жана кызыктуу болду. Сабак учурунда жаңы ыкмалар менен таанышып, практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Устат Паридахан Садирова материалды жеткиликтүү жана түшүнүктүү көрсөтүп берди. Айрыкча түстүү кагаздардан бир нече элементтерди, предметтерди жасоону чыгармачылык менен көндүмдөрдү өркүндөтүүгө чоң жардам берди. Иш-чаранын соңунда биздин окуу жайдын атынан ыраазычылык кат берилди.