28.11.25 К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжинде Студенттик Кеңеш тарабынан даярдалган конференция болуп өттү. Конференциянын жүрүшүндө студенттер өзүлөрүнүн ийгиликтери , жаңы идеялары менен бөлүшүп, жаштар — өлкөбүздүн келечеги, өнүгүүнүн жана жаңылануунун негизги кыймылдаткычы экендигин баса белгилешти. Кыргызстандын өнүгүүсү, биримдиги жана ийгиликтери жаштардын деми, билими жана чыгармачылыгы менен тыгыз байланыштуу. Демек, жаштарга билим, талант жана мүмкүнчүлүк жаралган коомдо-келечек жарык болот! Биргелешкен баарлашуунун негизинде студенттер жаңы максаттарды коюп, мекен үчүн пайдалуу иштерди жасоого шыктанышты.
Өсүп келе жаткан муундун жаратмандык энергиясы , жакшы демилгелери Кыргызстанды алдыга сүрөйт деп терең ишенебиз .

