
🏛️ Студенттер парламенттин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып гана тим болбостон, эл өкүлдөрү Рахат Жунушбаева, Эльвира Сурабалдиева жана Дастан Бекешев менен түзмө-түз баарлашууга мүмкүнчүлүк алышты. Депутаттар студенттерибизге баалуу кеп-кеңештерин айтып, билим алууга жана жарандык активдүүлүккө зор мотивация беришти.
✨ Мындай жолугушуулар жаштардын мамлекетке болгон ишенимин арттырып, чоң максаттарды коюуга шыктандырат.
🗼Экскурсиябыздын экинчи бөлүгү өлкөбүздүн эң баалуу тарыхый эстеликтеринин бири — Бурана мунарасына саякат болду.
Парламенттеги заманбап саясий процесстер менен таанышкандан кийин,орто кылымдардагы Улуу Жибек жолунун тарыхына сүңгүү биз үчүн өзгөчө таасир калтырды.
🌕 Буранада бизди эмнелер таң калтырды?
📌Байыркы Баласагын шаарынын тарыхы жана мунаранын сырлары;
📌Ачык асман алдындагы «балбал таштар» музейи;
📌Мунаранын чокусуна чыгып, Чүй өрөөнүнүн суктанаарлык көрүнүшү.
Бир күндүн ичинде Жогорку Кеңеште эл өкүлдөрүнөн мотивация алып, Буранада руханий азык алдык. 📚👣
Биздин студенттер — тарыхын сыйлаган, келечегине ишенимдүү караган жаштар!





