19.02.2026 К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжинин “Башталгыч класстарда окутуу” жана “Чет тили” адистиктерине квалификациялык практисынын багыттоочу конференциясы болуп өттү. Бул иш чарага карьера жана практика борборунун жетекчиси М.И. Курманалиев, Ак-Суу районунун А.Киров атындагы жалпы билим берүү мектебинин математика мугалими А.Кайратова, Каракол шаарынын №1 Алдаяр уулу Мойт Аке атындагы жалпы билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими Г.А. Турусбекова жана Жолболду уулу Сарт Аке атындагы жалпы билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими А.Т. Эстебесова келип, бүтүрүүчү курстардын студенттерине 12 жылдык билим берүү системасы боюнча мастер класстарды өтүү менен «Алтын-Казык», «Э-күндөлүк», «Аист-мугалим», «AI-билим», «5Е» модели менен сабак өтүү жана аны түзүү, бул модель сабактын жыйынтыгында окуучуларда кандай сапатттарды калыптандырарын баса белгилеп айтышты. М.И Курманалиев “Педагогдун баалуулуктары” жөнүндө кеңири маалымат берди. Квалификациялык практикага методисттер бекитилди жана студенттер рапорттор менен таанышышты. Конференциянын соңунда келген конокторго К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору тарабынын “Ыраазычылык баракчалары” тапшырылып, иш чара жемиштүү жана ийгиликтүү аяктады.



